Site icon Reporter.kg

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Кыргызстанга кайтып келди

Мурдагы калаа башчы Мелис Мырзакматов Ош аба майданына чартердик рейс менен 7-октябрга караган түнү келип конду. Аны борбордук аянттан миңдеген тарапташтары тосуп алды.

Эл алдына чыгып сөз сүйлөгөн Мырзакматов Кыргызстан учурда өтө опурталдуу абалда турганын, жарандык урушту баштоого кызыктар күчтөргө каршы туруу керектигин айтты. Мындан тышкары, 4-октябрдагы парламенттик шайлоо ыплас өткөнүнө басым жасады.

Буга чейин Оштогу митингдин айрым катышуучулары Мырзакматовдун кайрадан мэр болуусун талап кылып, анын чет өлкөдөн кайтып келүүсүн өтүнгөн билдирүүлөрдү таркатышкан.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду кызматтан алууну 6-октябрда шаардык кеңештин 31 депутаты бир добуштан колдогон. Өз кезегинде Сарыбашов арыз жазбай турганын билдирген.

Ал арада “Бир Бол” саясий партиясынан талапкер болгон Дүйшөн Төрөкулов өзүн убактылуу калаа башчы деп жарыялаган. Төрөкулов бул аракетин өлкөдө мыйзамдар иштебей калганы менен түшүндүргөн.

Мелис Мырзакматов 2009-2013-жылдары Ош шаарын башкарган. Кийин көпүрөнүн курулушунда “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланды” деген берене менен кылмыш иши козголуп, 2014-жылы өлкөдөн чыгып кеткен. Ал өзүнө тагылган айыпты саясий куугунтук катары баалап келет.

Exit mobile version