Бишкекте бир нече шаарлардын мэрияларынын өкүлдөрү келип тажырыйба алмашууда. Бул тууралуу борбор калаанын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 22-апрелде Бишкек шаарына Ош шаарынын жана Чүй облусунун шаарларынын мэрияларынан делегация келген. Аларды Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов баштаган Бишкек шаардык мэриясынын жамааты тосуп алган.
Иш-чаранын алкагында шаардык кызматтар презентациялары өткөрүп, көйгөйлүү маселелерди талкуулап, тажрыйба алмашат.
Жолугушуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирлиги тарабынан уюштурулган.