Site icon Reporter.kg

Ош жана Таласта ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды

Ош жана Таласта ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания билдирди.

Таласта 2 гектар жерге беш кабаттуу 10 блокто 310 батирлүү үй курулат.

Үйлөр курулуп бүткөндөн кийин батирлер мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына 4 жана 8  пайыздан жарандарга 15, 20, 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.

Ош шаарында  Курманжан-Датка жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы «Асман резиденс №1 Ош» турак жай комплекстин курулушу башталды. Бул жерге 12 кабаттан турган 8 үйдүн курулушу пландалган, батирлердин жалпы саны 528.

Өлкө боюнча 12 659батирдин курулушу жүрүп жатат. «Менин үйүм 2021-2026» турак жай програмамсынын алкагында өлкө аймагында дагы 16 351батирдин курулушу башталат.

Exit mobile version