Ошко кирип-чыгууга бир катар чектөөлөр кирди

Ошко кирип-чыгууга бир катар чектөөлөр кирди

Ош облусуна кирип-чыгууга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, райондорго кирүүдө 7 санитардык блокпосттор орнотулган. Андан сырткары, Бишкек – Ош маршруту менен жүргүнчүлөрдү ташыган кичибустарга каттоого чыгууга тыюу салынды.

Мындай иш аракеттер коронавирус инфекциясы көбөйгөнүнөн улам болуп жатат деп айтылат маалыматта.

Посттордо турган кызматкерлер кирип-чыккан айдоочуларга, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Чектөөлөргө ылайык, айдоочуларга үчтөн ашык, кичибустарга 10дон ашык жүргүнчү салууга болбойт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>