Ошко түрк тасмаларынын жумалыгына белгилүү кино жылдыздар келет

Ошко түрк тасмаларынын жумалыгына белгилүү кино жылдыздар келет

17-19-сентябрь күндөрү «Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык программасынын алкагында түрк тасмаларынын жумалыгы өткөрүлөт. 

Аталган жумалыкта Түркиянын кино жана сериалдарынын актёрлору келери кабарланды.

Сезгин Эрдемир, Эдип Зейдан жана Вилдан Атасевер сыяктуу актёрлор, түрк кинопродюсерлери менен бирге жергиликтүү кинотеатрларда кино күйөрмандары, коомчулук менен жолугушат.

Мындан тышкары  түрк режиссерлору тарткан «Биздин чемпион», «Карышкыр» тасмалары жана жаш балдар үчүн «Рафадан Тайфа» аталышындагы анимациялык фильм акысыз көрсөтүлөт. Иш-чара «Семетей» кинотеатрында саат 17:00дө башталат. Тасмалар түрк тилинде тартууланып, кыргыз тилине субтитр аркылуу которулуп берилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>