ОшМУга мурдагы билим берүү министри Исаковдун ысымы ыйгарылат

ОшМУга мурдагы билим берүү министри Исаковдун ысымы ыйгарылат

Ош мамлекеттик университетине экс-билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун ысымы ыйгарылат. Чечимди Ош шаардык кеңешинин депутаттары кабыл алышты.

Каныбек Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган. Исаков 12-ноябрда Бишкектеги ооруканада көз жумган.

Маалыматка ылайык, 51 жаштагы мурдагы министр коронавирусту жуктургандан кийин пневмония менен ооруканага түшкөн. Сөөгү өзү туулуп-өскөн Жаңы-Ноокат айылында жерге берилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>