Site icon Reporter.kg

ОшМУнун клиникасында алгачкы ирет операция жасалды — видео

Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында ашказан рагына чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Операция 4 саатка созулуп, аны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы Жанек Белеков жана онколог-хирург Өмүрбек Алишов жасады.

Мындан ары ОшМУнун медициналык клиникасында түрдүү операциялар жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version