Ошто ӨКМдин кызматкерин өз үйүндө атып кетишти

Ошто ӨКМдин кызматкерин өз үйүндө атып кетишти

Кечээ, 25-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Сапар Бакыев киши колдуу болуп каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 20:20да 35 жаштагы маркумдун денеси тез жардам кызматы тарабынан ооруканага алынып келинип, милицияга кабар берилген. Ал Ош шаарына караштуу Озгур айылынын Кулматов көчөсүнүн №83 үйүнүн тургуну болгон.

Текшерүү учурунда маркумдун башынын арка тарабында белгисиз ок атуучу куралдан атылган октон калган изи жана мурун тарабында анын чыккан изи бар экендиги аныкталган. Маркумдун жашаган дареги боюнча үй-жайын кароо учурунда сарайынын алдында уюган кандын жана андан төрт метр аралыкта белгисиз октун гильзасы табылган.

Учурда бул факт боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине адам өлтүрүү боюнча катталып, ар тараптуу иликтөө иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Маркум Сапар Бакыев , 1984-жылы туулган. Үй бүлөлүү. Эки уулдун атасы. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу агентикти жетектеп турган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>