Ошто өспүрүм бала сууга чөгүп каза болду

Ошто өспүрүм бала сууга чөгүп каза болду

Ошто 18 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ 26-июлда  Ноокат районунун Бел-Кайрагач айылындагы Найман каналына 18 жаштагы бала чөгүп кеткен.

Аны издөөгө 9 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылган. Кийин өспүрүмдүн жансыз денесин таап, ички иштер органдарына өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>