Ош шаарында 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан аялды издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 13-декабрь күнү болжол менен саат 04:00 чамасында, 1964-жылы туулган А.Г. аттуу аял киши Петров көчөсүнүн дарегинде жайгашкан турак үйдөн чыккан боюнча дайынсыз жоголгон.
«22-декабрь күнү жерине, үйүнүн алдынан агып өтүүчү каналынын жээктеринен издөөгө 4 куткаруучу тартылып, жогорудагы жарандын баласынын суранычы менен издөө убактылуу токтотулду», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз