Ош шаардык соту 11 жаштагы жээнин зордуктаган адамды 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Соттун токтомунда айтылгандай, ушул жылдын 10-августунда Х.В.В. төшөк кумарын кандыруу үчүн 2009-жылы туулган жээнин өзү менен жыныстык катнашка барууга мажубарлаган. Жабырлануучу каршылык көрсөткөнүнө карабай күч колдонуп, кийимдерин чечип зордуктап салган. Андан соң окуяны бирөөгө айтпагын деп коркуткан.
Ош облустук соттук-медициналык экспертизанын 4-сентябрдагы корутундусуна ылайык, жабырлануучу денесинен жеңил жараат алып, кыздык белгисинен ажырагандыгы аныкталган.
Ош шаардык сотунун 18-ноябрындагы өкүмү менен Х.В.В. күнөөлү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.
Соттолуучунун жаза өтөө мөөнөтү 1-сентябрдан баштап эсептелинип, оорусуна байланыштуу жазасын өтөгөн жериндеги медициналык мекемеден дарыланууга милдеттендирилген.