Site icon Reporter.kg

Ошто 15 миң долларга баңгизат сатууга аракет кылган адам кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери бир жаран Ош шаарында апийим баңгизатын сатып жүргөндүгүн аныкташкан. Баңгизатын сатуу кыстырма кылып калтыруу жолу менен жүргүзүлүп жүргөнү такталган.

ИИМден билдиришкендей, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

«15-августта 1,5 килограмм апийим саткан жеринен Ош шаарынын 1985-жылы туулган тургуну И.Б. кармалды. Ал апийимди мурунураак Ош шаарында жашырып, ал эми баңгизат үчүн 15 000 долларды Кара-Суу районунда алып жатканда колго түштү», — деп айтылат маалыматта.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 1 кг 514 грамм болгон апийим баңгизаты экендиги такталды.

Кылмышка шектүү болуп кармалган 1985-жылы туулган И.Б. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version