Site icon Reporter.kg

Ошто 17 миңден ашуун бөтөлкө контрафакттык алкоголь алынды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарындагы сатуу максатында контрафакттык алкоголдук продукция сакталган кампаны аныкташты.

Салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдагандай, натыйжада күмөндүү акциздик маркалар менен «Балыкчы алко трейд» ЖЧКсы өндүргөн 17 миң 213 бөтөлкө алкоголь тартып алынды.

Ишкерге карата Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.

Exit mobile version