Site icon Reporter.kg

Ошто 18 жаштагы бала Ак-Буура дарыясына түшүп кетип каза болду

Оштун Ак-Буура дарыясынан 18 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маркумдун дарыяга түшүп кеткени тууралуу кабар куткаруу кызматына 7-июнь күнү кечке маал түшкөн.

Издөө иштерине тартылган куткаруучулар 8-июнь күнү 05:30 чамасында баланын сөөгүн суудан чыгарышып,  туугандарына тапшырышкан.

Exit mobile version