Site icon Reporter.kg

Ошто 21 жаштагы келин үч эм төрөдү

Ош шаарында 21 жаштагы келин үч эм төрөдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, алар 22-июлда жарык дүйнөгө келген.

«Ош шаарындагы Перинаталдык борбордо кесарево жолу менен үч эм — эки уул жана бир кыз төрөлдү.Биринчи наристе (эркек) 1 200 грамм салмакта, экинчи наристенин (кыз) салмагы 1 350 грамм, үчүнчү наристенин (эркек) салмагы 1 280 грамм болуп төрөлгөн», — деп билдирет министрлик.

21 жаштагы келин Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну болот. Бул анын биринчи төрөтү. Төрөт мөөнөтүнөн эрте, 30-жумада болгон.

Ош шаарынын саламаттыкты сактоо координатору Эрмек Нурунбетовдун маалыматы боюнча, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы туруктуу жана алар үйлөрүнө чыгарылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version