Ошто 26 жаштагы жигит таанышын таарынычтан улам бычактап өлтүрдү

Ошто 26 жаштагы жигит таанышын таарынычтан улам бычактап өлтүрдү

Ошто 26 жаштагы жигит таанышын таарынычтан улам бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 11-августка караган түнү милицияга адамга бычак менен кол салуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Милиция окуя болгон жерге барып, 40 жаштагы К. Ж. аттуу тургун денесинин ар кайсы жерине 23 ирет учтуу нерсе менен сайылып каза болгондугун аныктаган.

Издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Кара-Суу районунун 26 жаштагы тургуну кармалган. Шектүү алыскы жолго чыгууга камынып жаткан жерден колго түшкөн. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, ал маркум менен өз ара тааныш болуп, окуядан беш-алты күн мурда анын үйүндө ичимдик ичип олтуруп, уруша кетишкен. Таарынып чыгып кетип, кайра келип үй ээсин бычактап салган.

Иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө иштери уланууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>