Ошто 3 баллга жеткен жер титирөө болду

Ошто 3 баллга жеткен жер титирөө болду

Ош облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрда саат 9:40тар чамасында Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал Алай районунун Ак-Босого айылында 3 балл, Сары-Таш, Арча-Булак, Кызыл-Алай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>