Site icon Reporter.kg

Ошто 34 адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турат

Ош шаарында 34 адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турат. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 23-25-январь күндөрү «Бандит» аталыштагы алдын алуу иш чарасы өткөрүлүп, кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 16 жаран алынып келинип, профилактикалык иш чаралар жүргүзүлгөн.

2019-жылы жалпысынан 16 кылмышиуу топтун мүчөсүнүн үстүнөн 23 ирет кылмыш иши тергелген. Натыйжада кылмыштуу топтун 8 мүчөсү кармалып, абакка киргизилген. Учурда бир адамдын үстүнөн сотко чейинки өндүрүш уланууда. Ал эми эми 9 адам Ош шаарынан чыгып кетишкен.

Exit mobile version