Site icon Reporter.kg

Ошто 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду

3-февраль күнү саат 21:46да Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн күчү Алай районунун Нура, Икизяк айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Exit mobile version