Ошто 37 жаштагы киши аракеч инисин сабайм деп өлтүрүп алды

Ошто 37 жаштагы киши аракеч инисин сабайм деп өлтүрүп алды

Ошто 37 жаштагы киши өз инисин өлтүрүп алды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 20-июлда 35 жаштагы Алай районунун тургунунун өлүмүнө шектелип, анын агасы кармалган. Ал суракта иниси аракечтиктен көчөдө жашап калганын, ичимдикти ташта деген кезектеги сүйлөшүү жаңжалга айланып, аягы өлүм менен аяктаганын айткан.

Ошол күнү да шектүү инисин издеп таап, аракты ташта деп алып кетүүгө аракет кылган. Бирок иниси каяша айтып укпай койгондуктан муштап жиберген. Маркум жыгылып башы менен ташты сүзүп эсин жоготкон. Ал инисин ооруканага алып барган, бирок ал катуу жаракаттан каза болуп калган.

Учурда шектүү камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголгон.

Тэги: Алай Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>