Ошто 43 жаштагы үй-бүлөлүү адам 16 жаштагы өспүрүм менен никеге турган

Ошто 43 жаштагы үй-бүлөлүү адам 16 жаштагы өспүрүм менен никеге турган

Ош шаарында 25-октябрь күнү жашы жете элек кызга үйлөнгөн делген шек менен 43 жаштагы адам кармалган. Бул тууралуу Reporter.kg`ге шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2019-жылы Жалал-Абад облусунун тургуну шариаттын негизинде нике кыюу жолу менен 2003-жылы туулган, Ош облусунун тургунуна үйлөнгөн.

Белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин, ал аялы менен ажырашып качып кеткен. Натыйжада ага кылмыш иши козголуп, шектүү Талас шаарында кармалып, Ош шаарына жеткирилген.

27-октябрь күнү сотто кармалган адамдын баш коргоо чарасы каралып, судья аны үй камагына чыгаруу чечвимин кабыл алган.

Баштапкы тергөөнүн жүрүшүндө кармалган адам мыйзамдуу түрдө башка аял менен никеге турганы белгилүү болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>