Ошто 5 күн мурун мал кайтарганы кеткен өспүрүм дале табыла элек

Ошто 5 күн мурун мал кайтарганы кеткен өспүрүм дале табыла элек

Ошто 5 күн мурун мал кайтарганы кеткен өспүрүм дале табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дайынсыз жоголгон Э. уулу Б. аттуу 14 жашар бала Ош облусунун Алай районунун Белекбаев айыл аймагындагы Терек айылынын тургуну. Ал 2-апрель күнү бала тоого мал кайтарганы кеткен. Ошол ал тоолордун биринен кар көчкү түшүп өспүрүм ошол күндөн бери дайынсыз.

Учурда кар көчкү түшкөн жерде ӨКМнын атайын техникалары тартылып, куткаруучулар жергиликтүү тургундар издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>