Ошто 5 жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн делип 64 жаштагы адам кармалды

Ошто 5 жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн делип  64 жаштагы адам кармалды

Ош шаарында 5 жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелип 64 жаштагы аксакал кармалды. Бул маалыматты шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя ушул жылдын 17-май күнү Ош шаарындагы автоунаа жуучу жайлардын биринде болгон.

“Төлөйкөн кичи районунун 29 жаштагы тургуну арыз менен милицияга кайрылып, беш жашар кызына 64 жаштагы адам сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айткан. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 165-беренеси (“Ыплас аракеттер”) менен сотко чйинки териштирүү иштери башталган”, — деп жазылат мекменин маалыматында.

Тергөөнүн жүрүшүндө соттук-биологиялык, соттук-медициналык жана соттук-психологиялык экспертизалар дайындалган. Учурда шектүү сурак берип, тергөө иштери улантылып жатканы айтылат.

сүрөт: sputnik / Табылды Кадырбеков

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>