Site icon Reporter.kg

Ошто 500 орундуу мектептин курулушу башталды

Бүгүн, 24-декабрда Ош шаарында 500 орундуу мектептин курулушу башталды. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, курулуш иштери Бирдиктүү депозиттик эсептин эсебинен салынууда.

Капсула салуу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Манас-Ата кичи районунун тургундары жана мектеп директорлору катышты. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов өлкө башчысынын демилгеси менен мектептерди куруу иштери жүрүп жатканын билдирди.

Заманбап мектептин курулушуна тендер жарыяланып, курулуш иштерине 54 млн сомдон ашык каражат сарпталмакчы. Курулуш иштерин 2020-жылдын IV кварталына бүтүрүү пландалган.

Эске сала кетсек, депозиттик эсеп 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлүп, жемкорлордон кайтарылган каражаттар ушул эсепке которулуп турат. Маалым болгондой, депозиттик эсептен 15 мектеп курууга каражат бөлүнгөн. Бишкек шаарына 7, Чүй облусуна 7, Ош шаарына 1 мектеп курулмакчы.

Exit mobile version