Ош облусунун Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусу чоң класстагы бала ур-токмокко алгандан кийин каза болгон. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, аларга 12-февралда Каратай айылында 9-класстын окуучусу жерге жыгылып, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факт каттоого алынып, териштирүү башталган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Териштирүү учурунда окуянын күбөлөрү №39 орто мектепте окуучулар пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, натыйжада 9-класстын окуучусу ур-токмокко кабылып, эсин жоготуп кулап калганын айтышкан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден-соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, 9-класстын окуучусун ошол эле мектепте окуган 2007-жылы туулган бала ур-токмокко алганы аныкталган.
Милиция окуянын чоо-жайын тактоо, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.