Site icon Reporter.kg

Ошто айдоочу кайгуул кызматкерлеринин көзүнчө автоээнбаштык жасаган (видео)

Ош шаарында автоээнбаштык жасаган айдоочу айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ош шаарында айдоочу кайгуул кызматкерлеринин көзүнчө автоээнбаштык жасаган. Ал үчүн жана унаасына кошумча жабдыктарды мыйзамсыз орноткону үчүн айдоочуга жалпы 21 мин сом айып салынган. Ошондой эле унаасы айып короого коюлган.

ЖКККББ жол эреже бузуулар боюнча 0777 102 102 WhatsApp номерине сүрөт-видео жөнөтүүгө болорун эске салат.

Exit mobile version