Ошто айдоочуну сөккөн милиция кызматтан алынды — видео

Ошто айдоочуну сөккөн милиция кызматтан алынды — видео

Ош шаарында айдоочуну оозго алгыс сөздөр менен ашатта сөккөн милиция кызматкери жумуштан алынды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

“ИИМдин атын булгаганы үчүн ээлеген кызматынан бошотулду. Анын жанындагы жол коопсуздук кызматкерин дагы кызматтан бошотуу боюнча жетекчилигине сунуш берилди. Милицияны уят кылган кызматкерге ички иштер органдарынын катарында орун жок”, – деп жазылат анда.

Белгилей кетсек, 16-май күү интернетте милиция кызматкери менен айдоочунун ортосундагы келишпестик тууралуу видео тасма тараган. Анда постто турган милиция кызматкери айдоочуну уят сөздөр менен сөккөн.

Эскертүү: төмөнкү видеодо уят сөздөр бар!

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>