Ошто айдоочуну сабап акчасын, буюмдарын тартып алышкан. Шектүүлөр кармалды

Ошто айдоочуну сабап акчасын, буюмдарын тартып алышкан. Шектүүлөр кармалды

Ош шаарында Кара-Суу районун тургунун сабап акчасын жана буюмдарын карактап кеткен жарандар кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя 29-июлга караган түнү Раззаков көчөсүндө болгон.

“Ош шаарынын эки тургуну жабырлануучунун унаасын жолдун жээгине кысып токтотуп, себепсиз ур-токмоко алышкан. Андан соң эс-учун жоготкон жабырлануучуну шаардагы эс алуу жайлардын бирине алып барып, “Samsung A40” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, 42 миң сомун жана кол саатын тартып алышкан”, – деп жазылат маалыматта.

Бул факты Жазык кодексинин 201-беренеси (“Каракчылык”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ыкчам илитөө чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип 31 жана 26 жаштагы адамдар кармалып, тергөө абагына киргизилген. Шектүүлөр буга чейин дагы сот жообуна тартылышкан.

Рубрики: ОКУЯЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>