Site icon Reporter.kg

Ошто ак калпакчан 1,5 миң адам жөө жүрүш жасады

Ош шаарында ак калпакчан 1 жарым миң киши жөө жүрүш жасады. Бул тууралуу калаанын мэриясы билдирди.

5-март Ак калпак күнүнө карата Ош шаарында «Улуттук кийимдер» жөө жүрүшү өткөн. Ага Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин башчысы Иззатбек Берхмаматов баштаган 1500 активдүү жаштар, улуттук кийимчен апалар жана кыз-келиндер катышкан.

“Жөө жүрүштүн катышуучулары борбордук аянттан тарта, улуттук драма театрга чейин улуттук баалуулуктарды даңазалаган, патриоттук чакырыктар менен басышты. Салтанаттуу иш-чара С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында концерттик программа менен уланды”, — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version