Ошто » Аль-Мансур» кафеси толугу менен күйүп кетти

Ошто » Аль-Мансур» кафеси толугу менен күйүп кетти

Оштогу «Аль-Мансур» кафесинде өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдан билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында Ош шаарынын Масалиев проспектинде №17 «Аль-Мансур» кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 01:00дө Ош шаардык №13 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 01:12де Ош шаардык №12 АӨКБдан 1 бөлүм жана Штаб, саат 1:17де Ош шаардык №85 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 6 бөлүм тартылган.

“Аль-Мансур” кафеси аянты 150 чарчы метр толугу менен кетти. Өрт 2:37 толугу менен өчүрүлдү.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Материалдык чыгым жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>