Site icon Reporter.kg

Ошто «Алай» футбол клубунун оюнчуларынын телефондору уурдалды

Ош шаарында «Алай» футбол клубунун оюнчуларынын уюлдук телефондору уурдалды. Бул маалыматты Reporter.kg’ге шаардык милициядан ырасташты.

Белгилүү болгондой, уурулук 22-февралда болжол менен саат 17:00до жасалган. Белгисиз адам/дар «Алай» футбол клубунун жатаканасына кирип, 7 телефон уурдап кеткен. Милицияга арызды клубдун администратору жазган.

Учурда бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Exit mobile version