Ошто аракеч үй-бүлөнүн 3 айлык кызы мамлекеттик коргоого алынды – видео

Ошто аракеч үй-бүлөнүн 3 айлык кызы мамлекеттик коргоого алынды – видео

Ош шаарында аракеч үй-бүлөнүн 3 айлык ымыркай кызы мамлекеттик камкордукка алынды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, кызды алардан алдын социалдык коргоо кызматынын өкүлдөрү менен милиция аталган үй-бүлөнүн шарты менен таанышкан.

“Таанышуу жүргүзүлгөн соң алардын 3 айлык кызы мамлекеттик кароого муктаж экендиги тууралуу чечим кабыл алынган. 21-июлда наристе кызды балдар үйүнө өткөрүп беришти. Буга чейинки 9 жана 4 жашар балдарын дагы мамлекет өз камкордугуна алган. Алардын жашаган үйү аракеч адамдардын уюгуна айланган”, – деп жазылат маалыматта.

Үй-бүлө тууралуу маалымат ымыркайдын атасы 31 ал эми апасы 28 жашта. Алардын 3 баласы бар.

Төмөнкү видеодо 3 айлык кыздын ата-энеси жашаган үй. Колясканын жанында бул үй-бүлөнүн коншусу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>