Site icon Reporter.kg

Ошто аскер кызматкери асынып алды

Ош шаарындагы №97480 аскер бөлүктө келишимдик негизде иштеп жүргөн аскер кызматкери асынып алды. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы билдиргендей, маркумдун сөөгү 17-ноябрда ата-энесинин үйүнөн табылган.

Бул факты боюнча Ош шаардык гарнизонунун Аскер прокуратурасы иликтөө баштаган.

Белгилей кетсек, 10-ноябрь күнү Кой-Таштагы № 73809 аскердик бөлүктө кызмат кылган офицер өзү жашаган кызматтык үйүндө асынып алган.

Exit mobile version