Site icon Reporter.kg

Ошто аскер кызматкерлерине батирлердин ачкычтары тапшырылды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Ош шаарында өлкөнүн Коргоо министрлигинин жана Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматчыларына батирлерди тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө кыргыз эли кылымдарды карыткан тарыхы менен кошо жаралып, муундан муунга өтүп келаткан, улуттук мүнөзгө айланган касиеттердин бири — Мекенди, эл-жерди коргоо милдетин ыйык туткандыгын баса белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан ар кандай чакырыктарга жана коркунучтарга тийиштүү жооп кайтарууга жөндөмдүү улуттук армияга ээ. Ошол эле учурда Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн деңгээлин жогорулатуу үчүн бир катар маанилүү тапшырмаларды да аткарышыбыз керек.

Мамлекеттин өзгөчө маанилүү жана приоритеттүү милдеттенмелеринин бири — аскер кызматкерлеринин социалдык жактан толук кепилдикте камсыздалышы. Аскер кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселеси — эң негизги маселе.

Аскер кызматкерлерин турак-жай менен камсыздоо милдети да ар дайым көңүлүбүздө. Калктуу конуштарга, шаарларга турак-жай куруу менен гана чектелбестен, чек арада, алыскы аймактарда кызмат өтөгөн аскерлерибизге турак-жай сатып алууга, үй тургузууга шарт түзүү жагын тынбай караштырып жатабыз. Бул маселени чечүү үчүн жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди берүүгө, аны каржылоонун булактарын табууга, укуктук актыларга дал келтирүүгө тапшырма берилди», — деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн курулган 216 батир тапшырылып жатканын кошумчалады.

«Бул иш-чара аскер кызматчыларынын, алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык статусун жана армиянын кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган узак мөөнөттүү мамлекеттик программанын чакан гана бөлүгү экендигин белгилегим келет.

Жаңы аскер шаарчаларын куруу, аскердик объектилердин жана шаарчалардын учурдагы инфраструктурасын жакшыртуу маселеси да абдан маанилүү. Каржылык кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн күчүн чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Аскер кызматчыларын жаңы үйлүү болушу менен куттуктап жатып, президент бардык батирлер курулуш индустриясынын акыркы жетишкендиктерин эске алып, заманбап технологияларды колдонуу менен курулгандыгын, аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ыңгайлуу жашоосу үчүн бардык талаптар жана стандарттар эске алынгандыгын баса белгиледи. Ошондой эле жаңы батирлүү болгондорго бекем ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалады.

Жаңы батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземинде өзгөчөлөнгөн бир катар аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын президентинин энчилүү сааты менен сыйланып, аларга мамлекет башчысынын атынан ыраазычылык жарыяланды.

Мындан сырткары, президент Садыр Жапаров аталган турак-жайдын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүүгө Президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн 300 миң сомдук сертификатты тапшырды.

Белгилей кетсек, аскер кызматчыларынын социалдык көйгөйлөрүн чечүү максатында Ош шаарында 9 кабаттуу 3 турак жайы курулган.

Турак жайлар бардык ыңгайлуу шарттары менен курулуп, ичтери жасалгаланган, ар бир батирде газ плиталар коюлган. Үйлөр Ош шаарынын борбордук жылытуу системасына туташтырылып, жаңы үлгүдөгү лифттер орнотулган.

Exit mobile version