Site icon Reporter.kg

Ошто аскердик бөлүктөн эки жоокер качып кетти

Ош шаарындагы №36 806 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 2 жоокер качып кетти. Бул маалыматты Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан тастыкташты.

Маалыматка таянсак, окуя 3-декабрда саат 16:00 чамасында болгон.

Жоокерлер күзгү чакырык менен аскерге чакырылган. Алардын биринин буга чейин да кызмат оордун таштап кеткен учурлары болгон.

Бул окуя боюнча Ош гарнизонунун аскердик прокуратурасы тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version