Ошто ата-бала жардыруучу зат жана баңгизат сактап жүрүшкөн – сүрөт

Ошто ата-бала жардыруучу зат жана баңгизат сактап жүрүшкөн – сүрөт

Ош облусунда жергиликтүү тургундун үйүнөн жардыруучу зат жана баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун айылдарынын биринде ата-бала үйүндө баңгизат жана гранаталарды мыйзамсыз сактап жүрүшөт деген маалымат түшкөн.
Аталган тургундардын үйүн тинтүүгө алганда кендир жыттанган зат жана колго жасалган 2 жардыруучу зат табылган. 

Соттук-химиялык изилдөө табылып алынган заттар, салмагы 232,5 грамм «марихуана» жана 66,9 граммды түзгөн «гашиш»
баңгизаты экендигин аныктаган.

Жарылуучу зат боюнча учурда экспертиза жүргүзүлүүдө. 

Үй ээлери 1968-жылы туулган С.И., жана 1987-жылы туулган С.М. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталган.

[su_image_carousel source=»media: 52561,52562,52563,52564″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>