Site icon Reporter.kg

Ошто автоунаа жардан кулап 3 адам каза болду

Ошто жол кырсыгынан 3 адам каза болду.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун 1-Май айылында болгон.  Анда «Вольво» унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жардан кулап кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1961-жылы туулган Т.А. (эркек киши), 1974-жылы туулган С.Н. (аял киши) жана 2019-жылы туулган наристе А.Э. каза болду.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version