Ошто аял кишинин үйүнөн курал жарактар табылды

Ошто аял кишинин үйүнөн курал жарактар табылды

Ош шаарынын Амир-Темир кичи районда Сирияга согушка кеткен адамдын бир тууганынын үйүнөн курал жарак жана ок дары табылды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы кабарлайт.

Ыкчам иликтөө учурунда ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу мылтык, РГД-5 үлгүсүндөгү граната, 7,62 мм калибрдеги 31 ок дарылар табылган.

Бул курал жарактар 2014-жылы Сирияга согушка чыгып кеткен 1989-жылы туулган Р.Ф., ошол жакта каза болгон 1985-жылы туулган Р.О. жана 2018-жылдан бери Россияда жүргөн 1978-жылы туулган Р.А. аттуу адамдага таандык болгон.

Бул куралдарды үйүндө сактап жүргөн адам жогорудагы адамдардын биринин бир тууганы болгон. Ал аймак аралык кастыкты козутуу беренеси менен соттолгон. Колундагы баласы эрезеге жете электигине байланыштуу соттун өкүмү 2029-жылы күчүнө кирет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>