Ошто мончодон кеч кайтканы үчүн аялын унаасына сүйрөткөн жаран үй камагына чыгарылды

Ошто мончодон кеч кайтканы үчүн аялын унаасына сүйрөткөн жаран үй камагына чыгарылды

Бүгүн, 20-февралда Ошто аялын мончодон үйгө кеч кайтканы үчүн унаасына сүйрөткөн жаран үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Ош шаардык соту чыгарды.  Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Эскерте кетсек, келин 16-февраль күнү саат 13:00дө мончого чыгып кетип, кечки саат 18:00дө кайткан. Кечиккенинин себебин дем алыш болгондуктан, унаалар аз жүрүп кичиавтобусту күтүүгө убакыт кеткенин билдирген. Жолдон келе жатканда алдынан күйөөсү унаасы менен тосуп чыгып, машинасы менен сүзгөн. Андан соң унаасына сүйрөп аял жыгылып калганда, айдап кеткен. Келин мончого бирге барган курбу кыздарын чакырып, алар жабырлануучуну ооруканага алып келишкен.

Дарыгерлер ал башынан жаракат алганын маалымдашкан. Жабырлануучу 45, жолдошу 43 жашта, экөө тең Кара-Суу районунун тургундары. Бирок окуя Ош шаарында Жапалак айылында катталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>