Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Ошто баңгизат ташыган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүн колго түшүрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматта айтылгандай, шектүүнүн жанынан 1 килограмм 047 граммды түзгөн героин табылган.
Кармалган жаран тергөө абагына киргизилип, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдардын өздүгүн тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө.
[su_image_carousel source=»media: 29155,29156″ crop=»none» autoplay=»4″]