Ошто балдарын тилемчилик кылдырган ата-энелерге айып салынды – сүрөт

Ошто балдарын тилемчилик кылдырган ата-энелерге айып салынды – сүрөт

Ошто тилемчилик кылып жүргөн 16 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Ош шаарында «Тилемчи» аталышындагы профилактикалык рейд өтүүдө. Анын жүрүшүндө 69 коомдук жайлар текшерилген.   

Натыйжада тилемчилик кылып жүргөн 16 өспүрүм аныкталып, жакындары жана өздөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Айрымдарынын ата-энелерине протоколдор түзүлүп, ар бирине миң сомдон айып пул салынган.

Тилемчилик кылып жүргөн өспүрүмдөрдүн бири балдар үйүнө жайгаштырылып, Ош мэриясынын алдында түзүлгөн балдар комиссиясына 3 өспүрүмдү мамлекеттин карамагына алуу боюнча сунуш жөнөтүлгөн.

Учурда милиция тарабынан тилемчилик кылып жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча жумуштар уланууда.

[su_image_carousel source=»media: 49589,49590,49591,49592,49593,49594,49595″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>