Site icon Reporter.kg

Ошто баңгикурьер кармалды — сүрөт

“Канал-Невский щит” баңгизаттарга каршы эл аралык операциянын алкагында Ош облусунда 6 килограммдан ашуун гашиш саткан курьер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан ыкчам маалыматты ишке ашыруунун жүрүшүндө Ош облусунун аймагына Афганистанда өндүрүлгөн баңгизаттарды жеткирүү боюнча туруктуу канал жокко чыгарылды.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү боюнча (Баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда Өзгөн районунун Анакызыл айылында Жалал-Абад шаарынын 1966-жылы туулган тургуну П.В. аттуу жаран кармалган.

Анын баштыгынан Афганистанда өндүрүлгөн жалпы салмагы 6 кг 932 гр түзгөн гашиш баңгизат каражаты менен 9 даана скотч менен оролгон таңгак табылып алынган. Учурда бул кылмышка тиешелүү тараптарды аныктоого атайын тергөө аракеттери өткөрүлүүдө.

Exit mobile version