Site icon Reporter.kg

Ошто батириндин ичинде бекилип калган балдар куткарылды

Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан үйдүн үчүнчү кабатындагы батирде 2 жана 4 жашар балдар ичтен бекилип калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Куткаруучулар терезе аркылуу кирип, эшикти ачып беришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баланы кароосуз калтырбоого чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version