Site icon Reporter.kg

Ошто бир нече уурулук үчүн издөөдө жүргөн шектүү кармалды

Ошто бир нече уурулук үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү — Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын 25 жаштагы Г.А. аттуу тургуну. Ал буга чейин 3 жолу соттолгон.

Ал Кара-Суу районунда — 1, Төлөйкөн айылында — 3 жана Ош шаарында 1 уурулук жасаган деп шектелүүдө.

«Ош шаарындагы батирге уурулукка киргенде, жалпы суммасы 1 млн 200 миң сомду түзгөн акча, баалуу буюмдарды алып кеткен», — деп билдирет милиция.

Шектүү 19-июлда кармалып, соттун чечими менен камакка алынган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды «102» кызматына кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version