Ошто бир нече уурулукка шектелген чөнтөкчүлөр кармалды

Ошто бир нече уурулукка шектелген чөнтөкчүлөр кармалды

Ош шаарында коомдук жайларда уурулук кылган чөнтөкчүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, элдердин чөнтөктөрүнөн коомдук транспортто, базарларда уюлдук телефондорун жана акчаларын уурдап жүргөн 2 чөнтөкчү кармалды.

Экөөнүн теӊ үстүнөн жыл башынан бери бир нече арыз түшүп, милиция кызматкерлери издеп келгени айтылат.

Шектүүлөрдүн бири Мурда 3 жолу соттолгон. Үстүнөн 4 факты бар 1990-жылы туулган Ж.М., ал өз чөйрөсүндө “Мирлан”, деген кайман ат менен белгилүү болгон Кара-Кулжа районунун тургуну. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда уурдалган телефондорду Өзбекстанга кылмыштуу шериктери аркылуу сатып, өткөрүп турган.

Ал эми экинчи шектүү мурда 8 жолу соттолгон, үстүнөн тогуз арыз түшкөн Ош шаарынын “Калинин массиви” аймагынын жашоочусу С.Ф. Ал уурдалган телефондорун арзан баада каалоочуларга сатып турган.

“Кармалгандардын экөө теӊ негизинен аялдардын сумкаларынан, чөнтөктөрүнөн кол телефондору менен акчаларын алып турушкан. Учурда бул кармалган жарандардын башка дагы ушул сыяктуу уурулуктарга тиешеси бар, же жоктугу иликтенип жатат. Ош шаардык соту тарабынан экөөнү теӊ абакта 1 айга кармоо боюнча санкция берилди”, — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>