Ошто бир жума мурун мал кайтарганы кеткен өспүрүм дале табыла элек

Ошто бир жума мурун мал кайтарганы кеткен өспүрүм дале табыла элек

Ошто бир жума мурун мал кайтарганы кеткен өспүрүм дале табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Алай районунун Белекбаев айыл аймагындагы Терек айылынын Э. уулу Б. аттуу 14 жашар тургуну 2-апрель күнү тоого мал кайтарганы кеткен. Ал тоолордун биринен кар көчкү түшүп өспүрүм ошол күндөн бери дайынсыз.

Бир жумадан бери кар көчкү түшкөн жерде ӨКМнын атайын техникалары тартылып, куткаруучулар, жергиликтүү тургундар издөө иштерин жүргүзүшүүдө, бирок ал азырынча натыйжасын бере элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>