Site icon Reporter.kg

Ошто чиновниктердин катышуусу менен контрабандалык жүктөр кармалды — сүрөт

Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы аткаминерлердин катышуусу менен товарларды контрабандалык жол менен ташуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

11-декабрда «Достук» бажы постунан Өзбекстандан эл керектөөчү товарлар жүктөлгөн «Вольво» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Анда тийиштүү уруксат документтери жана бажы төлөмдөрүн төлөбөгөнү тастыкталды.

Бул факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки процесстер башталды.

Exit mobile version