Ошто чоң энесин бычактаган шектүү кармала элек

Ошто чоң энесин бычактаган шектүү кармала элек

Ош облусунун Өзгөн районунда чоң энесине бычак сайган деп шектелген 22 жаштагы Ж.у.Э. кармала элек. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, шектүү 12-декабрь күнү 70 жаштагы чоң энесинин көкүрөгүнө эч себепсиз эле ашканадагы бычак менен сайып жиберип, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Учурда кылмышка шектүүнү кармоо үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканы, тилекке каршы азырынча шектүүнүн кайсыл жерде жүргөнү аныктала электиги айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>