Site icon Reporter.kg

Ошто дагы маршруттук таксилердин тарифтери көтөрүлдү

Ошто маршруттук таксилердин тарифтери көтөрүлдү. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим бүгүн Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында кабыл алынды.

Эми Ош шаарынын тургундары күндүз маршруттук таксилерде 15 сомдон, ал эми саат 19.00дөн 21.00гө чейин 20 сомдон төлөшөт. Мектеп окуучулары үчүн баа мурдагыдай эле калат. Өзгөртүүлөр муниципалдык коомдук транспортто жүрүү баасына таасирин тийгизбейт.

Exit mobile version