Site icon Reporter.kg

Ошто дайынсыз болуп жаткан аялдын сөөгү табылды

Ош шаарында дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды.  Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 13-декабрь күнү 1964-жылы туулган А.Г. аттуу аял Петров көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан турак үйдөн чыккан боюнча дайынсыз жоголгон.

Анын сөөгү Абакир уулу Төрөбек көчөсүнөн агып өткөн Увам каналынан ӨКМ куткаруучулары тарабынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди. Жерине Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version